Жети-Өгүз шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси. Жан сакчы жана депутаттар

№ 34 округдагы шайлоочулардын саны — 108 452. Бул аймактан ЖКнын эки депутаты, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы талапкерлигин койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун №30 Жети-Өгүз шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан Жогорку Кеңештин депутаты мандаты үчүн 17 жаран ат салышууда.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
№34 округдагы шайлоочулардын саны — 108 452. Ага Тоң жана Жети-Өгүз райондору толугу менен, Каракол шаарынын №3131, 3132, 3161 шайлоо участкалары кирет.
Бир мандаттуу округдан эң көп добушка ээ болгон талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.