Ысык-Ата шайлоо округунан 11 талапкер ат салышууда

№ 30 округдагы шайлоочулардын саны — 96 697. Ага Ысык-Ата районунун Кант шаары жана бардык айыл аймактары кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан Жогорку Кеңештин депутаты мандаты үчүн 11 жаран ат салышууда.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
№ 30 округдагы шайлоочулардын саны — 96 697. Ага Ысык-Ата районунун Кант шаары жана бардык айыл аймактары кирет.
Бир мандаттуу округдан эң көп добушка ээ болгон талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.