The Lancet "Спутник Лайт" вакцинасы тууралуу жаңы макала жарыялады

Коронавируска каршы аталган вакцинаны колдонгондон кийин оор кесепет менен коштолгон бир дагы учур катталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. The Lancet медициналык журналы Гамалея атындагы борбордун коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын коопсуздугу тууралуу жаңы макала жарыялаганын РИА Новости жазды.
Аталган вакцинаны иликтөөгө Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд демөөрчү болгон. Макала медициналык журналга жарыяланганын да аталган фонд кабарлаган.
АКШ Кыргызстанды COVID жугуу коркунучу аз өлкөлөрдүн катарына киргизди
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасы Россияда май айында каттоого алынган. Анын эффективдүүлүгү 79,4 пайыз, эки ийне сайдырууну талап кылган башка вакциналарга салыштырмалуу таасири жогору. Бул препаратты колдонгондон кийин оор кесепет менен коштолгон бир дагы учур катталган эмес.
Буга чейин Россиянын түз инвестициялар боюнча фонду Pfizer вакцинасын "Спутник Лайт" менен колдонуу боюнча бирдиктүү сыноолорду жүргүзүүнү сунуштаган.