Швецияда 7-кабаттан эки кишинин үстүнө кулаган абышка биринин өмүрүн ала кетти

Маалыматка караганда, 80 жаштагы киши жерде турган эки адамдын үстүнө түшкөн. Өзү ошол жерден жан берип, жердегилердин бири, 60 жаштагы эркек ооруканада көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Швециянын Уппсала шаарынын тургуну жетинчи кабаттан эки кишинин үстүнө кулап, өзү менен чогуу алардын биринин өмүрүн ала кетти. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, 80 жаштагы киши жерде турган эки адамдын үстүнө түшкөн. Өзү ошол жерден жан берип, жердегилердин бири, 60 жаштагы эркек ооруканада көз жумду.
Кесиптешин атып алган актёр Болдуиндин журналисттерге курган маеги. Видео
Жергиликтүү Aftonbladet гезити окуя Уппсала шаарындагы концерттик залдардын биринде болгонун жазды. Ал күнү легендарлуу ABBA тобунун музыканттары Бьёрн Ульвеус менен Бенни Андерсендин урматына концерт өткөрүлмөк. Бирок каргашалуу окуядан улам полиция ал жерде иликтөө иштерин баштап, концерт кийинкиге жылдырылды.
Азырынча укук коргоо органдары окуяны кокустук катары баалап жатат.