Кыргызстанда банктык карталардын саны өстү. Көп колдонгон аймак

Былтыркы жылдын соңунда кыргызстандыктардын колундагы төлөм карталарынын саны 3,3 миллионго жеткен. 2016-жылы бул көрсөткүч 2 эсе төмөн болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде банктык төлөм карталары 2 эсеге өсүп, 2020-жылдын аягында элдин колундагы картанын саны 3,3 миллионго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
"Аны менен катар банкоматтар менен терминалдардын саны дагы көбөйдү. Учурда өлкөдө 1,8 миң банкомат, 12 миң төлөм терминалы бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле банктык картаны кайсы аймактардын тургундары көбүрөөк колдонору тууралуу маалымат берилген:
Эске салсак, акыркы жылдары Кыргызстанда ар тармакта санариптешүү процесси жүрүп, айлык, пенсиялар банктык карта аркылуу берилип келет.