Кочкор округунан шайлоого 16 талапкер чыкты. Тизме

Кочкор шайлоо округунан 16 талапкер ат салышат. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты, журналист, фермер, мамлекеттик кызматкерлер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусундагы № 32 Кочкор шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган округда жалпы 104 миң 250 шайлоочу бар. Анда 16 талапкер ат салышат. Арасында ЖК депутаты, журналисттер да бар.
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат.