Бишкекте шаардын дизайн-коду түзүлүп жатат. Максаты

Бишкек аймактарга бөлүнөт. Калаанын чок ортосундагы көрнөк-жарнактарга катуу талаптар коюлары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте шаардын бирдиктүү дизайн-коду — тышкы көрнөк-жарнактар жөнүндөгү документ иштелип чыгат. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев
"Дизайн-код келерки жумада өтө турган ачык тегерек столдо талкууланат. Анын жардамы менен башаламан илинген тышкы жарнактар менен күрөшүүгө шарт түзүлөт. Биз көрктөндүрүү боюнча дагы эреже киргизүүнү пландап жатабыз", — деди ал.
Анын айтымында, дизайн-код кабыл алынса ишкер көрнөк-жарнак илүү үчүн уруксат сурап мэрияга барып отурбайт. Бирок стандарт бузулса жарнак алып салынат. Ал эми өзгөчө идеясын ишке ашыргысы келгендер долбоор түзүп, мэрия менен макулдаша алат.
"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн дирекция түзүлөт. Милдети
"Биз шаарды аймактарга бөлүп жатабыз (тарыхый жана перифериялык). Бишкектин чок ортосу катуу талап коюлган аймак болмокчу", — деди Жороев.
Ал эми Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кадыров биринчи этапта мыйзамсыз жарнактарды демонтаждоо иши Бишкектин борбордук бөлүгүнөн башталганын белгиледи.