Туристтер кол чаап, кыйкырып жиберишти. Бала кабыландын ажалдан калган видеосу

Кабыландын баласынын аз жерден гиенага жем боло жаздап, бирок ыкчамдыгы менен кутулуп кеткени байкоо салып турган туристтерди кубандырып, ал тургай кол чаап, кыйкырып жиберишти.
Sputnik
Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында болгон. Четтен карап турган кишинин чыдамын кетирип, тыбырчылатып жиберген бул видеону 30 жаштагы эсепчи жана фотограф-гид Муса Варачи тартып алган.
Алгач бадалдын түбүндө бугуп жаткан кабыландын баласын видео "бутага" алган. Муса Варачи эне-кабылан чоңоюп калган күчүгүн ошол жерге убактылуу жашырып тамак таап келүү үчүн кеткендигин байкаганын жазган. Алар бир нече кадр жасап, жуп жөнөй берерде алды жактагы жолдон гиеналардын тобу чыккан. Мындай кырдаал апкаарыткан туристтер кетип кала албай, окуянын андан ары кандай өнүгөрүнө байкоо салууга аргасыз болгон.
Энесинен кызганган олжосунан айрылып... Кабыланга кулаган антилопанын видеосу
Тарп аңдыган бул жаныбарлардын бири кабыландын баласы жаткан тарапка келип, ары-бери басып, туристтердин автоунаасын айланчыктап жүргөн. Бир маалда жыт алып калдыбы, айтор, түз эле кабыландын күчүгү жаткан бадалды көздөй жөнөгөн. Ал арада туристтердин кыйпычыктап, өз ара сүйлөшүп жатканын угууга болот.
Коркунуч жакындап келгенин көргөн бала кабылан бир нече метр алысыраак өскөн дарактарды көздөй күчүнүн жетишинче чуркаган. Карылуу, алдуу-күчтүү гиена анын артынан сая түшүп, бир ирмемдерде бурдап өтө да жаздаган.
Өмүр менен өлүм алышкан бул мүнөттөрдө бала кабылан бакка чыга качканга жетишкенде бир нече метр алысыраакта акмалап турган туристтер кол чаап, каткырып, кубаттап кыйкырып жиберишкен.
Ал эми олжосун оозунан алдырган гиена ошол жерде айланып кала берген.