Токтакунов Али Нурмаматович — өмүр баяны

Мухаммедали (Али) Токтакунов 1988-жылы 27-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айылында туулган.
Sputnik
2011-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Финансы жана кредит институтун бүтүргөн. Кесиби — банк адиси.
Университеттеги окуусуна удаа гезит-журналдарда иштеп жүрүп журналистикага аралашкан. Бир нече гезит жана журналдан стажировкадан өткөн.
Эмгек жолу:
Али Токтакунов бир канча журналисттик иликтөөлөрдүн автору жана катышуучусу. Кесиптештери менен бирге 2019-жылдан тартып Бажы тармагындагы коррупцияны иликтеген. 
Андан тышкары, кесиптештери менен биргеликте “Кыргыз темир жолун миллиондоп сааган Дашков”, “Чек арадагы депутаттардын заправкалары”, “Өлүм-өмүрдөн акча жасаган шылуундар”, “Жакырды “сойгон” Сомо” жана башка резонанстуу иликтөөлөрдү жасаган.