Атамбаев, Иманалиев... Аламүдүн шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси

Бир мандаттуу округ боюнча ат салышкандардын ичинен эң көп добуш алгандар жеңип чыгат. Аламүдүн округунда жалпы 111 миң 115 шайлоочу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусундагы №25 Аламүдүн шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган округдан он талапкер ат салышат. Арасында ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек да бар.