COVID: эки адам каза таап, 74 киши оору жуктурду. Акыркы маалымат

Соңку статистикага таянсак, коронавирус менен ооруп, үйдө дарыланып жаткандардын салыштырмалуу түрдө арбыгандыгын байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 74 киши жуктуруп, ооруп жаткан эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми айыгып чыккандардын саны ооруп калгандарга караганда арбыныраак, 97 киши деди.
Оору төмөнкү аймактардан чыкты:
"Каза болгон эки бейтап буга чейин коронавируска каршы эмделген эмес", — деп билдирди Республикалык штабдан.
РФтин башкы инфекционисти коронавирусту антибиотик менен дарылоону сындады
Пандемиядан бери коронавирусту 181 499 адам жуктурса, анын ичинен 175 892 киши айыгып чыккан. Бул жугуштуу дарт жалпы 2 676 адамдын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 605, ал эми амбулатордук түрдө 803 адам дарыланып жатат. Соңку статистикага таянсак, ооруп, үйдө дарыланып жаткандардын арбыгандыгын байкоого болот.