Сузак шайлоо округунан 12 талапкер ат салышат. Тизме

Округдагы шайлоочулардын саны 111 287ни түзөт. Бул аймакта Жогорку Кеңештин депутаты болууга 12 талапкер ат салышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №13 Сузак шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймакта Жогорку Кеңештин депутаты болууга 12 талапкер ат салышып жатат.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номери менен дал келет.
№13 округдагы шайлоочулардын жалпы саны 111 287ни түзөт. Ага Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак айыл аймактары кирет.
Эң көп добуш алган талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.