Сатуучуну калькулятор менен чапкан киши: тараптар элдешип, кылмыш иши токтотулду

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнгөн. Шектүү камактан бошотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишиге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнгөн. Сот тараптардын элдешкенин эске алуу менен кылмыш ишин токтотуу чечимин кабыл алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Сот отуруму 29-октябрда болуп, шектүү камактан бошотулду.
Окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган. Милиция чыр салган киши 29 жаштагы А.А. экенин аныктап, Октябрь РИИБинин жорук иштери боюнча бөлүмүнө алып келген.
Айзаданы ала качкан беш кишиге соттун өкүмү чыкты
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
5-август күнү УКМК мас киши В.Г. аттуу сатуучудан кыргыз тилинде сүйлөп тейлөөнү талап кылганын айтып, адамдарды терисинин өңүнө, расасына, туткан динине карап бөлүп, кадыр-баркына шек келтиргендер кылмыш жазасына тартыларын белгилеген.