БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россия дүйнөдөгү жалпы көлөмдүн 20 пайызын түзгөн өзүнүн токойлорун сактоо үчүн активдүү чараларды көрүүдө. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин БУУнун климаттык саммитинин катышуучуларынын токой чарбаларын башкаруу боюнча отурумуна киргендерге видеокайрылуу кылып жатканда айтканын РИА Новости кабарлады.
"Биздин өлкөдө дүйнөдөгү токой массивдеринин 20 пайызы жайгашкан. Аларды сактоо үчүн өтө олуттуу жана активдүү чараларды кабыл алып, токой чарбаларын карап кам көрүүнү өнүктүрүп жатабыз. Өрткө жана токойду мыйзамсыз кыйгандарга аеосуз күрөш жарыялап, кайра калыбына келтирүү иштерин колго алганбыз. Албетте, мындай иштерге бөлүнгөн каржы да улам өсүп бара жатат", — деди Путин.
Россия БУУнун Глазго шаарындагы климаттык саммиттин алкагында иштелип чыккан токойлор боюнча кабыл алынган биргелешкен декларациянын долбоорун бекитүүнү колдойт. Бул туурасында Путин саммиттин алкагында өткөн токой чарбасын өнүктүрүү жана жерди пайдалануу боюнча отурумдун катышуучуларына кайрылып жатып баса белгиледи.
"Россия бүгүнкү отурумда сунушталган токой жана жерди пайдалануу боюнча биргелешкен декларациянын долбоорунун бекитилишин колдойт. Аны ишке ашыруу токойго сарамжалдуулук менен мамиле кылууга кызыкдар болгон бардык мамлекеттердин тыгыз кызматташуусуна түрткү болот деп эсептейбиз", — деди Россия лидери.
Анын пикиринде, бул кадам атмосферадагы көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча Париж макулдашуусунун максаттарына жетүүгө жардамчы болот.