Базар-Коргон шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер. Тизме

Базар-Коргон шайлоо округунда жалпы 112 миң 932 шайлоочу бар. Парламентке келгиси келген талапкер көпчүлүктүн добушуна ээ болушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №15 Базар-Коргон шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган аймактан шайлоого беш талапкер катышат. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Айбек Алтынбеков да бар.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат парламенттен кете турган болсо, эки айдын ичинде кайра шайлоо уюштурулуп, анын ордуна башка адам келет. Ошондой эле ал чакырылыштын мөөнөтүнүн аякташына бир жыл же андан аз убакыт калган учурда округда шайлоо өткөрүлбөйт.