Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 1 млн. доллар бериши мүмкүн

Мамлекет башчы фондудан Кыргызстандын адистерине максаттуу долбоорлорду даярдоодо эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүнү да өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга гранттык негизде 1 миллион доллар бериши мүмкүн. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров Глазго шаарында Жашыл климаттык фондунун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушкан.
Жашыл климаттык фонддун аткаруучу директору Янник Глемарик
Анда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери, атап айтканда, келечекте азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагындагы актуалдуу долбоорлорду ишке ашыруу талкууланган.
Мамлекет башчысы акыркы бир нече жылда мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, суу ресурстарынын азайышы, кургакчылык, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, табигый кырсыктардын жана транспорттук эмиссиялар курч көйгөйгө айланганына өзгөчө басым жасаган.
"Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга жана ыңгайлашууга керектүү чыгымдарды тиешелүү түрдө дээрлик 7 миллиард жана 3 миллиард доллар деп баалады. Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Жашыл климаттык фондунун ишмердүүлүгүн колдой турганын жана долбоордук кызматташууга оң баа берерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Евробиримдик өлкөнүн санарип технологияларын өнүктүрүүгө 2 млн. евро берет
Аны менен бирге президент Глазгодон кийин өлкөнүн климатты каржылоо боюнча жаңы долбоорлорго өтүнмөлөрдү берүү ниетин маалымдаган. Буга байланыштуу Кыргызстандын адистерине максаттуу долбоорлорду даярдоодо эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Өз кезегинде Янник Глемарик фонд бир жылга грант түрүндө 1 миллион доллар бере ала турган үлгү бар экенин белгилеген.
Анын айтымында, бул каражатты кайсы жакка багыттоону Кыргыз Республикасы өзү чечет, өз кезегинде ЖКФнын адистери керектүү колдоо жана кеңештерди берүүгө даяр.