Футбол боюнча улуттук команда ноябрда Сингапур жана Бахрейн менен ойнойт

ФИФАнын соңку жарыялаган рейтингинде Бахрейн курама командасы 91-сапта, Сингапур 160-орунда турат. Кыргызстан 96-катарда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы ноябрь айында расмий үч жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Александр Крестинин башында турган команда адегенде Сингапур менен беттешет. Курама командалардын оюну 11-ноябрда Шардж шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда болот.
Ал эми Бахрейн менен Манаме шаарында 16-ноябрда күч сынашат.
ФИФАнын рейтингинде Бахрейн 91-сапта, Сингапур 160-орунда турат. Кыргызстан 96-катарда.
Буга чейин КФС ноябрдагы беттештерде ойной турган курамды жарыялаган болчу.
Кыргызстандык беш балбан U23 дүйнө чемпионатында бүгүн килемге чыгат
Улуттук команда бүгүн, 2-ноябрда, Дубайда машыгуу процессин баштайт. Окуу-машыгуу жана жолдоштук беттештер 2023-жылы өтүүчү Азия кубогу мелдешинин тандоо туруна даярдыктын алкагында өткөрүлөт.
Эске салсак, Азия кубогуна тандоо оюндары "өз үйүндө — конокто" эмес, борборлоштурулган форматта өтөт. Тандоо турунун тайпалык оюндары 2022-жылдын 8-11 жана 14-июнь күндөрү өтөт. Чүчү кулак тартуу күнү Азия футбол конфедерациясы тарабынан кийинчерээк жарыяланат.