Диетолог: D витаминин таблеткадан башка жол менен алууга болот

D витамини организмге кооптуу вирустар менен күрөшүүгө жардам берип, теринин картаюусун алдын алат жана эндокриндик системага оң таасирин тийгизет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Организмге керектүү D витаминин таблеткадан ала албайм дегендер айрым азыктардан, препараттардан жана косметологиялык процедуралардын жардамы менен алууга болот. Бул тууралуу диетолог, дарыгер-эндокринолог Михаил Гинзбург айтканын "Известия" жазды.
"D витамини организмге кооптуу вирустар менен күрөшүүгө жардам берет жана теринин картаюусун алдын алган маанилүү микроэлемент. Ошондой эле эндокриндик системага, жыныс функцияларына жана иммунитетке жакшы таасир этет. Аны таблетка аркылуу да, табигый жол менен да алса болот", — деген эксперт.
Гинсбург D витаминин организм өзү иштеп чыккандыктан аллергиялык реакцияларды жаратпай турганын белгилеген.
Көз кургап, тери бузулуп... Организмге А витамини жетишпесе эмне болот
"Көбү аны май аралашмаларынан, мисалы, балыктын майынан алгысы келбейт. Анын ордуна күн ваннасын (солярия) алууга болот. Бирок кечке бара бергенге болбойт, тери рагын пайда кылышы мүмкүн. Треска балыгынын боорун, деги эле майлуу балыктарды, жумуртканын сарысын жеп туруу жана майлуу сүт ичип туруу D витаминин толуктайт", — деген Гинзбург.
Ошондой эле дары-дармектердин ичинен Д витамининин сууда эрүүчү түрлөрүн сунуштаган. Аларга микроэлементтин тамчылары жана спрейлери кирет.