Киришпе, иштен кетесиң! Жапаров шайлоо алдында атайын жарлык чыгарды

Жаңы гана чыккан жарлыкта министрлер кабинетине, тартип коргоо органдарына, облус-район башчыларына, алардан сырткары Башкы прокуратурага, БШК менен Жогорку сотко шайлоону мыйзамды өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча тиешелүү милдеттер тагылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Документте бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызматтагы адамдардын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши жарандарга шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар кандай формаларына айланбашы керектиги белгиленген, талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна таасир тийгизбеши эскертилген.
  Министрлер кабинетине, укук коргоо органдарынын жетекчилерине, облус башчыларына, акимдерге, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төмөнкү нерселер катуу эскертилген:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына, шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын жоболорунун аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүү, алардын шайлоо комиссиялары тарабынан бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
Башкы прокуратурага төмөнкү тапшырма берилген:
Админресурс болбойт! Президенттик администрация акимдер менен жыйын курду
Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги БШКнын катышуусунда шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келген эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана аларга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна көмөк көрсөтүү милдети тагылган.
Кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын 28-ноябрда шайлайт. Жаңы, VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме, ал эми 36сы бир мандаттуу округ менен шайланып келмекчи.