Кыргызстандын ЕАЭБде толук кандуу иштеши үчүн ички тоскоолдуктар айтылды

Адис айыл чарба продукциялары үчүн өлкөдө лаборатория, экспорт системасы жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке толук кандуу интеграция болушуна бир нече ички көйгөйлөр тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова "Евразиялык муун" коомдук фонду уюштурган "Кыргызстан үчүн ЕАЭБ жана ЕБдин экономикалык өнөктөштүгү" деп аталган тегерек столдо билдирген.
Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери ички тоскоолдуктарды жоё элек.
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова
"Маселен, экспорт кыла турчу адам жүк жөнөтүү үчүн үч күндөн жети күнгө чейин документ толтурушу керек. Мындай майда-барат нерсе бизнеске тоскоол болууда. Канча жылдан бери айыл чарба продукциялары үчүн лабораторияны айтып келебиз. Же анысы азыркыга чейин ачыла элек. Эң эле жөнөкөй Кыргызстан интеграциянын толук кандуу субъектиси болуш үчүн экспорт системасы жок. Бизде товарды темир жол аркылуу ташуу Казакстанга салыштырмалуу 20 эсе кымбат", — деди ал.
Радио
Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз
Ниязбекова Кыргызстандын потенциалы жогору экенин айтып, бирок ал экономикадагы көмүскө схемалардан улам ишке ашпай жатканын белгилеген.
"Биз интеграциялык процесстерде толук кандуу оюнчу болуш үчүн алгач ички тоскоолдуктарды жоюп алышыбыз керек", — деген адис.
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова Ниязбекованын пикирин колдой турганын айтып, ЕАЭБге мүчө болгондон кийин Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун белгилеген.