Бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык үч балбан килемге чыгат

Быйыл 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтөт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүн 23 жашка чейинкилер арасындагы (U23) дүйнө чемпионаты башталып, грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан килемге чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Алгачкылардан болуп 55 килограмм салмакта Акыйкат Кулжигит уулу сербиялык Себастьян Kоломпар менен 1/8 финалдык баскычта кармашат.
Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги
77 килограммда Акылбек Талантбеков түркиялык Эркан Ерген менен баштапкы этапта күч сынашат. Ал эми 87 килограмм салмакта Азат Салидинов 1/8 финалда казакстандык Максат Сайлау менен таймашат.
2021-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтөт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.