Тромбдун пайда болушуна шарт түзгөн азыктар аталды

Адис атеросклероз, варикоз менен жабыркап кандын уюшуна каршы антикоагулянттарды ичип жүргөндөр петрушка, базилик жана шпинаттан баш тартышы керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кайсы азыктар тромбдун пайда болушуна шарт түзөрүн РИА Новости иммунолог Андрей Продеускага шилтеме берип жазды.
Дарыгер тамырларда кандын уюшуна улгайгандар, тамырлардын шишик оорусу менен жабыркандар, отуруп иштегендер жана жүрөк, кан тамыр оорулары барлар кабыларын айткан. Мындай адамдар К витамини көп азыктарды жегенден абайлашы керек. Себеби алар кандын коюуланышына жардам берет.
"Петрушка, шпинат жана базиликте К витамини өтө көп. Бөтөнчө, 100 грамм петрушкада 20 суткалык витаминдин дозасы бар. Ал эми базилик менен шпинат (100 граммы) алты-жети суткалык дозага ээ", — деген Продеус.
Көтөрүлгөн кан басымды дарысыз түшүргөн ыкмалар. Адистин кеңеши
Кесиптеши, дарыгер Елена Малышева да анын оюн толуктап, бардык азык ченеми менен болушу керектигин, пайдалуу азыктардын да зыяндуу жактары болорун белгилеген.
"Мындайча айтканда, кандын уюу коркунучу адаттыгыдан бир нече эсе көп болот", — деген медик.
Ал атеросклероз, варикоз менен жабыркап кандын уюшуна каршы антикоагулянттарды ичип жүргөндөр петрушка, базилик жана шпинаттан баш тартышы керектигин кошумчалаган.