Бишкек, Нур-Султан жана Москвадагы айлык менен азык-түлүктүн баасы. Салыштыруу

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети билдиргендей, койдун эти менен жууган май Бишкекте эң арзан. Ал эми Москва, Минск жана Нур-Султанда маяна бир нече эсе жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети эл көп жеген азык-түлүктүн баасы Бишкек, Нур-Султан, Москва жана Минск шаарларында кандай экенин салыштырды.
Белгиленгендей, сентябрь айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин борбор шаарларынын ичинен күнүмдүк керектүү товарларга болгон эң жогорку баа Москвада катталган.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 1-ноябрда бир доллар 84,8 сомго бааланган. Статистика комитети койдун эти (5,72 доллар) менен жууган май (4,09 доллар) Бишкекте арзан экенин белгиледи.
Статком ошондой эле төрт шаардын орточо айлык акысын салыштырды:
Медведев: дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгы келди
Графикте көрсөтүлүп тургандай, аталган өлкөлөрдүн баш калааларынын ичинен эң төмөнкү айлык Бишкекте. Алсак, Бишкектеги орточо эмгек акыга 50 килограммдан ашык уй этин сатып алса болот, Москванын маянасына 4,3 эсе көп же 224 килограмм эт келет.
Нур-Султанда бир айлык эмгек акыга эки тоннадай нан сатып алса болот, ал эми Бишкектикине 3,1 эсеге аз (498 килограмм) келет.