Барсты сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары 2 млн. сомдон көп акча чогултту

Кайрымдуулук иш-чарасы Бишкек калаасында сентябрь айынын соңунда өткөн. Уюштуруучулар топтолгон каражатты кайрымдуулукка жумшап жана егерлерге автоунаа сатып алышарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Номад Спорт" коомдук бирикмеси — илбирсти сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары баш-аягы 2,2 миллион сом топтогонун билдиришти.
Эске салсак, 26-сентябрда Бишкектин негизги көчөсүндө "Toyboss Snow Leopard Run 2021" деп аталган эл аралык кайрымдуулук марафону өткөн эле.
Ар башка аралыкка 20дан ашуун мамлекеттен чакырылган беш миңден ашык күлүк чуркаган. Алар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Франция, Улуу Британия, Түштүк Корея жана АКШдан келгени айтылган.
Уюм жыл башынан тарта акча чогулта баштагандыгын кабарлап, каражат боюнча отчётту жарыялады.
Баш-аягы 2 миллион 226 861 сом топтолгон. Анын жарымы кайрымдуулукка жумшалары, ал эми калганы 1 миллион 113 431 сомуна егерлерге автоунаа сатып алынары айтылды.
Белгилей кетсек, быйыл уюштуруучулар тоо-ташта жүрүүнү жеңилдетиш үчүн илбирсти коргоо фондунун жетекчилери жана егерлер үчүн "Нива" автокөлүктөрүн алууга ниеттенген. Акчанын жарымын кайрымдуулук ишине жумшоо оюн билдиришкен.