Жалил Садыковдун уулу Канат: камактан кайткан чоң атам уулун өөп да койбоптур

Кыргыз эл акыны, драматург, Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун көзү тирүү болгондо быйыл 89 жашка чыкмак.
Sputnik
Анын "Жайкы таңда", "Жоогазын", "Сырдашуу", "Сары-Өзөн", "Топ жылдыздар" деген китептери жарык көргөн жана калеминен жаралган ондогон чыгарма обонго салынып ырдалып келет.
Жалил Садыковдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто залкар инсандын уулу, КУУнун ректору Канат Садыков болду.
— Кыргызда "теги жоктун, эли жок" деп коёт эмеспи. Жалил Садыковдун теги, уруусу, ата-бабасы жана балалыгы тууралуу айтып берсеңиз?
— Негизи атамдын туулган айылы, ата-тегибиз Кичи-Кемин жергеси болот. Ал 1932-жылы октябрь айында төрөлгөн. Биздин чоң атабыз Төлөгөнов Садык атам туулганда советтик кызматкер катары Токмокто билим берүү тармагында, кийин агитациялык пропаганда бөлүмүндө иштептир. Ушул аймакта биринчилерден болуп Кичи-Кемин айылына үйлөр курула баштаганда өзүнчө айыл өкмөт аталып, үч уруудан түзүлгөн айыл отурукташат. Негизинен таздар, жетигендер жана азыктар жердеген. Биз сарыбагыштан тараган таздар уруусунан болобуз.
Садыков: атамдын туулган айылы, ата-тегибиз Кичи-Кемин жергеси болот
— Чоң аталарыңыз чыгармачыл адамдар болгонбу, "аккан арыктан суу агат" деген кеп бар эмеспи.
— Атабыздан бул тууралуу сураганбыз. Чоң атабыз санжыраны мыкты билген. 1917-жылдары революция башталып, 1918-жылдары Кызыл армиянын катарына кошулуп Верный шаарында (Алматы — ред.) педагогдук билим алган. Кайра кайтып келгенде Токмокто эң биринчи мектеп салган адам болгон. Чоң атабыз Садыкты айылда Молдоке деп аташыптыр. Анын 5-6 жашында жазган кол жазмалары бар. Атасы канча бир чакырым алыс жашаган молдого ат менен ташып, араб арибине үйрөтүптүр. Кийин орус арибин үйрөнгөн. Ал эми апасы кыйын жомокчу, элдик ырларды мыкты билген киши болгон. Атабыз "Эр-Төштүк" кенже эпосун абдан жакшы айтчу. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда атам айылдагы жетим, жесир калган бала-бакыра, абышка-кемпирлерге эпос окуп берчү экен. Ушунун таасиринен улам элдик мотивдеги бир катар чыгармалары жаралган го деп ойлойм.
— Эми бул кишинин чыгармаларын билбегендер аз эмеспи. Бул маекте атаңыздын көпчүлүккө белгисиз жактарын ачып берсек деп турабыз.
— Чоң атабыз Садык 1937-жылы репрессияга дуушар болгон. Балыкчыда агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан учурда эл алдында Жусуп Абдырахмановдун мыктылыгын айтып, "жакынкы согушта япон күчтөрүнө жардам берүү керек деп чакырык жасады" деген жалаа менен кармалып Пишпекке, андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн Москвага жеткирилип, Сибирдин Красноярск шаарында 1937-жылдан 1953-жылдын аягына чейин камакта болуп, Сталин каза болгон соң репрессиялар токтоп, кайтып келген. Чоң апабыз ошол кезде төрт бала менен жалгыз калып, баарын өзү тарбиялап окуткан. Садык атабыз кайтып келгенде атам азыркы Кыргыз улуттук университетинде 2-3-курстун студенти экен. Атасын вокзалга барып өзү тосуп алат. Акыркы жолу тогуз жашында көргөн атасын "кантип тааныды экен" деген да ой болот. Чоң атабыздын жаш курагында түшкөн сүрөтү бар. Анда бойлуу, кара тору, ошол кезге ылайык келген муруту керилген киши болуптур. Жалил атабыз вокзалдан ошондой адамды күтөт, бирок өзүнүн эскерүүсү боюнча эски шинель кийген, өтө арык, көп кыйынчылыктарды көргөнү жүзүнөн байкалган кишини көргөн. Анан ал киши өзү биринчи "Жалил, сенсиңби?" деп таанып, башынан сылаптыр. Учурашканы ошол болуптур. Атам атасын көргөндө чуркап барып кучактап ыйлап, болгон бугун чыгарам деп ойлойт. Бирок чоң атабыз абдан токтоо, ички сезимин сыртка билдирбеген адам экен. Баласынын бетинен да өппөптүр.
Садыков: атамдын баласаактыгын жакшы билем, биз кызыккан нерселерди байкап калса алып берчү
— Жалил Садыковдун бала чагы согуш мезгилине туура келип, атасы ак жеринен камалып бир топ кыйынчылык көргөн экен да.
— Бала чагы согуш учуруна туш келип, төрт бир тууган атасыз өсөт. Атам эрте жазда жылаңайлак соко айдап, бутунан сыз өтүп иштейт. Аларды чатырда карап жаткан аял буттары тоңгон балдардын бутун жылытып жатып дайыма ыйлачу экен. Балдар ага таң калып түшүнбөйт. Көрсө, ал кенедей балдардын бири баткакта, бири кургакта жүрүп кесилген чор таманынан аккан канды көрүп, аяп ыйлачу тура. Ичкендери казанга кайнатылган атала, суюк жарма болот. Атабыз 78 жашына чейин биз менен жашап, анан каза болду. Акыркы жылдары бутунан аксап калган. Сурасак, мектепте окуган кезинде үйүнө жардам берүү үчүн окуусун таштап, уран шахтасында иштөөгө туура келет. Өзүнөн улуу агасы дагы бир жерде иштеп жүрөт. Эки иниси кичинекей. Ошондо шахтадагы вагонетка рельстен чыгып кетип, бутунун капталын кесип кетиптир. Кансырап үйгө келсе апасы баласынын кыйналган кебетесин көрүп аябай ыйлаган экен. Андан кийин ачкасынан талаада машак терип жүрүшсө колхоздо иштеген киши келип, балдарды камчы менен сабайт. Ызасына чыдабаган атабыз айбат көрсөтүп, аны айры менен кууган экен. Ошондой оор күндөр өткөнүн эскерип калар эле. Чоң атабыздын эскерүүлөрүн, сурак берүүдөгү көргөн азаптары тууралуу айткандарын иним Талант кассетага жаздыртып алган.
Коргол акындын небереси Турсун Досуева: атабыздын Акбакайга жетпей калган себеби бар
Ошол кезде репрессиялангандарды бир камерага камап коюшат. Ичи толтура болгондуктан жатып эс алууга керебет жок. Камерадагы жалгыз керебетти сурактан жаңы келгендерге бошотуп беришет. Сабалып, кыйналып сурактан келгендердин өтүгүн эптеп кесип жиберишип, шишиген бутун эс алдырышчу экен. Ошол камерада билим берүү тармагында иштеген бир катар интеллигенция өкүлдөрү да болгон. Алардын ичинде кыргыздын алгачкы профессорлорунун бири, адабиятчы Токчоро Жолдошев да чогуу отурган. Ал жанындагы немис кишиден тил үйрөнүп жатканын көргөн чоң атам: "Муну үйрөнүп эмне кыласың? Бул сага дагы көйгөй жаратышы мүмкүн", — десе, "жок, Саке, кудай буюрса заман өзгөрөт. Тил үйрөнүшүбүз керек. Бул бизге чоң жардам болот, мамлекетти да илим аркылуу өнүктүрөбүз" деп жооп кайтарган экен. Буларды күнү-түнү тикесинен тик тургузуп, шишип кыйналсын деп атайын суу бере беришкен. Ушундай жол менен коюлган күнөөнү тезирээк мойнуна алдырууну көздөшкөн. Бул боюнча эскермелер, кол жазмалар үйдө бар. Кийин деле чоң атамды суракка чакыра бергендиктен коопсуздук үчүн эскерүүлөрүн кириллица менен эмес, араб арибинде жазган. Азыр атайын адистердин жардамы менен ал барактарды кыргыз арибине котортуп, башка да эскерүүлөрдү чогултуп, чоң материал даярдап койдук.
Атабыздын чыгармачылыгына чоң атамдын түздөн-түз тиешеси болбосо да анын кыргыз интеллигенциясынын биринчи катарында болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Дээринде, канында билимге умтулуу болгон өңдүү. Чоң атабыздын кичүү бир тууганы Байыш өз учурунда Кыргыз армиясына кошулуп, Верный шаарынан билим алып кайткан. Ал кыргыз милициясынын түптөлүшүнө салым кошкон. Байыш атабыз да 1937-жылы репрессияланып, Чукоткага чейин айдап жиберишкен.
Садыков: атабыздын чыгармачылыгына чоң атамдын түздөн-түз тиешеси болбосо да анын кыргыз интеллигенциясынын биринчи катарында болгондугу тууралуу маалыматтар бар
— Гимндин кандайча жазылып калганы сиздин да эсиңизде болсо керек.
— Мамлекеттик гимнди жазган кези жакшы эле эсимде, анда Бишкектеги мектептердин биринде окуп жаткам. 1992-жылы мамлекеттик символдор кабыл алынып жатканда чоң конкурс өттү. Атам ал кезде "легендарлуу" парламентте депутат эле. Анан ошол конкурска өз аты менен эмес, каймана ат менен катышкан. Катышуучулардын баары каймана ат менен ырларын жөнөткөн. Жыйырма ырдын тексти каралган. Ал кезде атамдын наамы да, жогорку деңгээлдеги аброю да жок болчу. Анан талашып-тартышып жатышып 1-орунду атама, 2-орунду Шабданбек Кулуевге ыйгарышат. Гимндин акыркы вариантын иштеп чыгуу чечими кабыл алынып, атам менен Кулуевге дагы бир адамды кошолу дегенде атам: "Мына, эки ырды өзүңөр тандадыңар. Кулуев экөөбүз иштешип, ырдын текстин алып келели, аны өзүңөр карап көргүлө", - дейт. Ошентип буларга эки жумадай убакыт берилет. Экөө жазуучулардын эс алуу үйүнө барып бирге иштешип, азыркы гимндин текстин даярдап алып келишкен. Негизи мамлекеттик гимндин да өз сүрү бар. Анын сөзүнүн авторлорунун бири атам болгондуктан гимнди укканда абдан толкунданам. Музыкасын да белгилүү эки композитор жазган. Мага башталышы "Манас" эпосунун айтылышына уйкаштырылгандай сезилет. Канча сындар айтылса да сөзү менен обону туура келген текст деп эсептейм.
Садыков: үй-бүлөдө бир кыз, үч эркекпиз. Улуу эжекебиздин орду өзгөчө
— Атаңыздын кулк-мүнөзү кандай эле?
— Эми мен ал кишинин теңтушу эмес, баласымын. Ошол себептен баласаактыгын жакшы билем. Үй-бүлөдө бир кыз, үч эркекпиз. Улуу эжекебиздин орду өзгөчө. Эжебиз атабыздын туулган күнүндө, 23-октябрда, төрөлгөн. Апабыз "Жакеме бир эле белек бердим, ошол жетет" деп калчу. Ал эми эркек балдарга атасынан жакшы тарбия жана камкордук гана керек экен. Ал учурда союздук өлкөлөргө командировкага көп барышчу. Анан бизге дайыма өлчөмү чак кийимдерди алып келчү. Ал кезде жакшы кийим алуу үчүн узун кезекке туруу керек эле. Атам балдары үчүн ошого да кайыл болчу. Дайыма чет өлкөлүк хит-музыкаларга бизди да кызыктырчу. 9-10-класстарда окуп жүргөндө бизге "Юпитер" деген жакшы магнитофон алып бергенде аны бөлмөбүзгө коюп алып аябай жыргаганбыз. Анда стерео музыка деген укмуш болчу да. Кыскасы, эч кандай чектөө болгон жок. Биз кызыккан нерселерди байкап турчу. Бир-эки жолу дос балдардын эски гитарасын алып келип кыңкылдатып үйрөнүүгө аракет жасаганбыз. Аны көрүп гитара да сатып берген. Абдан баамчыл эле. Бир да жолу бирөө менен катуу урушканын көргөн жокпуз. Бизди да урушпай, акырын гана түшүндүрүп, мээбизге жеткирип койчу.
Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек: түшүндө Токтогул оозуна алтын себелегенин айтчу
Ал киши университетке жаңы тапшырганда атаң репрессияланыптыр деп окуудан четтетилип, эки-үч жылдан кийин тапшырган. Бексултан Жакиев менен окуган. Ал кишинин эскерүүсүнө караганда, атам аларга абдан карамдуу, камкор болуптур. Кийин Бексултан аба үйлөнгөндө менин атамды өкүл ата кылып шайлап алган. Ал кезде атам үйлөнө элек экен. Кийин Сабира апчебиз (Бексултан Жакиевдин жубайы — ред.) менен апам да абдан ынак болду.
— "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, атаңыздын өнөрлүү адам болгонун айтышат.
— Ооба, атам комуз черте алчу. Анан сүрөттү абдан жакшы тартчу эле. Кыргыз негизинен малга, жерге жакын эмеспи. Атам да малдын сырын жакшы билчү. Мектепти бүтүргөндөн кийин мал доктурга жардамчы болуп иштеп калганын айтып берген. Бир жолу жайлоодо эс алып жүргөндө ичи көөп кеткен уйду малчылар союш керек деп чурулдап калышты. Ошондо атам уйдун курсагынын үстү жагына керосинди сүйкөп туруп, казандын капкагын аябай ысытып басканда жели чыгып, ичи кичирейип, кадимкидей эс ала түшкөнүн көргөнбүз. Анан бизге да кой сойгонду, жиликтегенди үйрөткөн.
Садыков: атам комуз черте алчу. Анан сүрөттү абдан жакшы тартчу эле. Кыргыз негизинен малга, жерге жакын эмеспи. Атам да малдын сырын жакшы билчү
— Атаңыздан мураска эмне калды?
— Кудайга шүгүр, улуу баласы катары атам мага өз колу менен үй салып берген. Ал үйдү мен таберик көрөм. Досторго, туугандарга жасаган мамилеси менен бизге үлгү болду. Үйүбүзгө менмендеген жазуучулар келип чай ичишкен. Ошол адамдардын жанында отуруп, акыл-насааттарын угуп калдым. Муну эң чоң байлык деп эсептейм.