Кадамжай шайлоо округунан 18 талапкер аттанды. Аты-жөнү, билими, иштеген жери

Бул округда шайлоочулардын саны 112 968ди түзөт. Эң көп добуш алган бир гана талапкер ЖК депутаты мандатын ала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен облусунун №3 Кадамжай шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Алардын саны 18ди түзөт.
№3 Кадамжай шайлоо округунда шайлоочулардын саны - 112 968. Ага Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Бирлик, Үч-Коргон, Чаувай, Абсамат Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары, Алга айыл аймагынын № 8147 шайлоо участкасы кирет.