Facebook эмнеге аталышын өзгөрттү? Эксперттердин түшүндүрмөсү

Бейшембиден тарта Facebook компаниясы Meta деп аталып баштаган. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчилиги аталышын өзгөрткөнүнүн бир нече себеби бар экенин "Известияга" B&C коммуникациялык агенттигинин башкаруучу өнөктөшү Марк Шерман билдирди.
Буга чейин Facebook башчысы Марк Цукерберг компания бейшембиден тарта Meta деп аталарын айткан. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган.
Эксперттин айтымында, аталыш социалдык тармактардын тобун эмес, виртуалдык мейкиндик тууралуу кеп болуп жатканын көрсөтүү үчүн керек. Meta жетекчилиги муну интернетти өнүктүрүүнүн кийинки кадамы деп эсептейт.
Apple компаниясынан озуп... Microsoft дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды
Ошондой эле бул беделдүү интернет-компаниялардын ортосундагы атаандаштыктын күчөшүнө да байланыштуу. Meta жаңы деңгээлге чыгып, соцтармактан тышкары кызматтарды да сунуштагысы келет.
Адис Марк Цукербергдин акыркы финансылык отчету инвесторлордун көңүлүн калтырып, компаниянын акциялары арзандап кеткенин белгиледи. Бирок активдүү маркетингдик иш-аракеттерден кийин жогорулаган.
Эксперт Марк Шерман Meta компаниясы көз айнектердин жаңы моделин чыгарууга миллиарддаган долларды жумшоону пландап жатканын айткан. Ошондой эле камерасы бар сааттарды чыгарышат деген маалымат бар. Муну менен Meta Apple компаниясына атаандаштык жаратышы мүмкүндүгүн айткан.