Драматургдардын атасы эле... Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуудагы сүрөттөр

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу, драматург жана режиссер Мар Байжиев менен коштошуу зыйнаты өттү. Маданияттын чыгаан өкүлүн акыркы сапарга узатуу иш-чарасы кандай болгонун сүрөттөрдөн көрүңүз.
Sputnik
Коштошуу зыйнаты Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери, кесиптештери жана жакындары катышты.
Мекенди сүйүүнүн бийик үлгүсү. Мар Байжиевге жазылган некролог
Жазуучу 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Мар Байжиев маданиятын ар тармагына салымын кошуп, жазуучу, драматург, прозаик, журналист, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру болгон.
Кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн III даражадагы Манас ордени жана Данакер ордени менен сыйланган.
 
1 / 12
Маданияттын дөө-шааларынын бири Мар Байжиев 29-октябрь күнү 86 жаш курагында көз жумду
2 / 12
Коштошуу зыйнаты Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү
3 / 12
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү жана башкалар катышты
4 / 12
Режиссер Геннадий Базаров да сөз сүйлөдү
5 / 12
Мар Байжиев маданиятка кошкон эбегейсиз эмгеги үчүн III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган
6 / 12
Улуттук гвардиянын Ардак кароолу анын сөөгүн унаага салууда
7 / 12
Драматургдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
8 / 12
Мар Байжиев эмнеден көз жумганы айтылган жок
9 / 12
Жазуучу мындан төрт жыл мурун жалгыз уулун жана байбичесин катары менен жоготкон
10 / 12
Байжиевдин атасы Ташым Байжиев убагында репрессиянын курмандыгы болгон
11 / 12
Эл залкар ишмердин жакындарына көңүл айтууда
12 / 12
Ардак кароол куран окуу маалында анын сыйлыктарын кармап турду