"Ынтымак" партиясынын тизмеси. Көбү депутат, директор

Партиянын курамына кирген талапкерлердин эң улуусу 68, кичүүсү 28 жашта. БШК ЖКнын төрагасы Талант Мамытовду тизмеге кошкон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесин жарыялады. Анда ар бир талапкердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жазылган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Ынтымак" партиясынын талапкерлери менен тааныштырат.
Партиянын курамына кирген талапкерлердин эң улуусу 68, кичүүсү 28 жашта.
БШК ЖК төрагасын, №7 катардагы Талант Мамытовду тизмеге кошкон эмес.
Белгилей кетсек, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Мындан улам "Ынтымак" партиясы БШКнын чечимине каршы даттанган. Бишкек шаардык административдик соту саясий уюмдун арызын канааттандырды. БШК Жогорку сотко кайрыларын билдирген болчу.