"Улуттар биримдиги" партиясы менен кимдер талапкер болду?

БШК берген тизмеге ылайык, "Улуттар биримдигиндеги" 54 талапкердин ичинен 19у учурда жумушсуз.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдан кийин өтө турчу шайлоого аттанган партиялардын тизмелерин жарыялап жатат.
БШКнын маалыматына ылайык, "Улуттар биримдиги" партиясы 54 талапкер менен жарышка чыкты. Тизмедеги 19 адам учурда жумушсуз. Калгандары мамлекеттик кызматта, түрдүү тармактарда иштейт жана ишкерлик менен алектенгендер.
Кошумчалай кетсек, жакында эле аталган партиянын мүчөсү, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалгандыктан шайлоодон четтетилген.
Талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери БШК берген маалыматтын негизинде жазылды: