Легендарлуу советтик алып баруучу Игорь Кириллов көз жумду

Кириллов 20 жылдан ашуун мезгил "Время" программасын алып барган. Совет доорунда жаңы жылда өлкө жетекчилиги менен элге куттук айтып кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Советтик жана россиялык теле, радио алып баруучу Игорь Кириллов 90 жаш курагында дүйнө салганын "Первый канал" билдирди.
"Эфирге аз убакыт калганда суук кабар келди. Бүгүн Игорь Леонидович Кириллов көз жумду. Биздин легендарлуу кесиптеш, көбүбүз үчүн устат", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдун эмнеден көз жумганы азырынча белгисиз.
Советтик жана россиялык теле, радио алып баруучу Игорь Кириллов
Кириллов 1932-жылы 14-сентябрь күнү Москвада туулган. Карьерасын театр актерлугунан баштап, кийин телевидениеге кеткен. 20 жылдан ашуун убакыт бою "Время" программасын алып барган. 2006-жылга чейин Жеңиш парадынын алып баруучусу болгон. СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин эл артисти.