БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Диетолог жана машыктыруучу Светлана Панченко РИА Новости агенттигине бир нече күн бою уйку канбаса организмде кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берди.
"Уйку режими менен организмдеги өтө маанилүү гормондордун бөлүнүп чыгуусу бири-бирине байланыштуу. Эгер саат 23:00дөн кийин ойгоо жүрө берсе жана аз уктаса, кортизол (стресс гормону), мелатонин (уйку гормону) гормондору туура эмес бөлүнө баштайт. Андан тышкары, тамактанууга, өсүү процесстерине жооп берген гормондор жабыркайт. Эгер бул гормондор ойдогудай баланста болсо, ден соолук менен иммунитет бекем болуп, өмүр узарат", — деди адис.
Диетологдун айтымында, организмдеги гормоналдык бузулуулар маанайдын тез өзгөрүшүн шарттап, таттуу жана майлуу тамактарга тартат.
Сөзүнүн соңунда адис ден соолук бекем болуш үчүн адам саат 22-22:30дар чамасында жатып, караңгы бөлмөдө укташы керектигин айтты. Ошондой эле ал чоңдор сегиз сааттан, балдар 10 сааттан кем эмес укташы талапка ылайык экенин кошумчалады.