Мирзиёев шайлоодо толук жеңди. Өзбекстан БШКсы акыркы жыйынтыкты айтты

Коңшу Өзбекстанда мамлекет башчыны шайлоо өнөктүгү 24-октябрда өткөн эле. Бүгүн БШК акыркы жыйынтыгын чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өзбекстандын азыркы лидери мындан бир нече күн мурда өткөн президенттик шайлоодо элдин 80,12 пайыз добушун алды. Бул туурасында бүгүн Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев бардык бюллетендер саналып бүткөндөн кийин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясы президент Мирзиёев Шавкат Миромоновичтин бардык бюллетендер саналгандан кийинки жыйынтыкты эсептегенде добуштардын 80,12 пайызын алганы аныкталды", — деди Низамходжаев БШКнын жыйынында.
Күйөө бала, неберелери. Мирзиёев бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди. Сүрөт
Коңшу Өзбекстанда мамлекет башчыны шайлоо өнөктүгү 24-октябрда өткөн эле.
Президент Садыр Жапаров шайлоонун эртеси Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктаган. Андагы алдын ала чыккан жыйынтык боюнча, Мирзиёев шайлоодо элдин добушунун 80 пайызына ээ болгону кабарланган.