Деңиз менен жерди титиретип, булкуна көккө атылган ракеталар. Видео

Крымда жакында эле адаттагыдан тыш көрүнүш болуп, чалкыган деңиздин асманына учуп чыккан ракеталар ага күбө болгондорду кайдыгер калтырган жок.
Sputnik
RT пландалган машыгуунун видеосун жарыялады.
Аталган аймактагы кемелерге каршы жайгашкан "Утёс", ракеталык "Бал" комплекстеринде жана "Адмирал Григорович" деп аталган күзөт фрегатында мурда мерчемделген аскердик окуулар өтүп, көнүгүүлөр жасалган.
Россия Казакстандагы полигондо кезектеги ракетасын сынады. Видео
Видеодон ар кыл көлөмдөгү ракеталардын жерден, суудан көктү көздөй булкунуп атылып, чексиздикке сүңгүп кирип кеткенин, кээ бирөөлөрдүн сууга түшкөнүн көрүүгө болот.
Ал эми атылып жатканы жакындан тартылган учурларда кубаттуу бул курал көккө катуу басым менен көтөрүлгөндүктөн жердин тозоңун чыгарып, айланасындагыларды сапырып кеткени кадрга түшүп калган.
Кемелер үчүн деңиз полигонун машыгуу учурунда жаап коюшкан. Маалыматта жалпы коопсуздукту ал мезгилдери Кара деңиз флотунун жыйырмага чукул кемелери камсыз кылып турганы айтылды.