Sputnik салттуу кийимдер долбоорунун катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Сүрөт

Иш-чарада фотомодель, продюсер жана долбоордун жаратуучуларына салттуу кийимдер боюнча материалдын негизинде даярдалган 2022-жылдын календары берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчилиги менен жамааты салттуу кийимдер боюнча долбоордун катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте "Салттуу баш кийим", "Аялдардын салттуу кийими", "Эркектердин салттуу кийими" аттуу лонгрид, фотодолбоорлорун чыгарган.
1 / 6
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчилиги менен жамааты салттуу кийимдер боюнча долбоордун катышуучуларына ыраазычылык билдирди
2 / 6
Иш-чарада фотомоделдерге, продюсерлерге жана долбоордун жаратуучуларына өздөрүнүн сүрөтү менен даярдалган 2022-жылдын календары берилди
3 / 6
Аталган долбоорго ар кайсы тармактын өкүлдөрү тартылган
4 / 6
Алардын арасында актер, ырчы, кол өнөрчү, окуучу, блогер, фермер, ишкерлер дагы бар
5 / 6
Салттуу кийимдердин бардыгы дал ушул долбоордун катышуучуларынын колунан жаралган
6 / 6
Өз кезегинде долбоорго катышуучу болгон моделдер да тартуу маалындагы кызыктуу учурларга токтолуп, ыраазычылык билдиришкен.
Иш-чарада фотомоделдерге, продюсерлерге жана долбоордун жаратуучуларына өздөрүнүн сүрөтү менен даярдалган 2022-жылдын календары берилди. Аталган долбоорго ар кайсы тармактын өкүлдөрү тартылган. Алардын арасында актер, ырчы, кол өнөрчү, окуучу, блогер, фермер, ишкерлер дагы бар. Салттуу кийимдердин бардыгы дал ушул долбоордун катышуучуларынын колунан жаралган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатын жайылтууга салым кошуп жатканын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатын жайылтууга салым кошуп жатканын белгилеген
"Биздин долбоор кыргыздын маданиятын, үрп-адатын кийинки муунга сактап, жеткирүүдө жардам берет деген үмүттөмүн. Ал окурмандарга sputnik.kg сайтында кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Мындан сырткары, социалдык баракчалардан да тапса болот. Булар бир гана сайтка эмес өлкөнүн башкы аянтына коюлуп, кийин фотоплакаттар улуттук музейге тапшырылган. Мындан тышкары, улуттук баалуулуктар тууралуу долбоор Дубай шаарында ачылган Expo-2020 жарманкесинде көрсөтүлүүдө", — деди Череменина.
Өз кезегинде долбоорго катышуучу болгон моделдер да тартуу маалындагы кызыктуу учурларга токтолуп, ыраазычылык билдиришкен.
Актриса Таалайкан Абазова
"Sputnik Кыргызстан агенттигинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Бул долбоор келечек муунга өтө керек жана маанилүү. Балким, биз азыр анын канчалык маанилүү экенин билбей жаткан чыгарбыз, бирок кийин алар өтө баалуу болуп калат", — деди актриса Таалайкан Абазова.
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекетке жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.