Министр Казакбаев Иранды өлкө экономикасына инвестиция жасоого чакырды

Министр Ирандын элчиси менен туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана кийинки жылы бир катар иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевге Ирандын элчиси Саид Харразини өлкөнүн ТИМинин атынан расмий чакыруу тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.
Жолугушууда тараптар кыргыз-иран мамилелерин жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын кеп кылышкан. Анда Бишкекте Ирандын соода үйүн жана Бандар-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан жаңы темир жол коридорун ачууну талкуулашканы айтылды.
Туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана иран тараптын Кыргызстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууга катышуусун да сүйлөшүшкөн.
"Мындан сырткары, министр эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алдында, тагыраагы, 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар биргелешкен юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Эки тарап расмий сапарларга чыгып, Бишкекте кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясын 13-жыйынын өткөрүшөт", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Министр Казакбаев Ирандын компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көлдүн туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырган.
Жолугушуунун соңунда тараптар Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашып, өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерди улантууга даяр экенин билдиришкен.