Коронавирус дагы үч адамдын өмүрүн алды, 124ү жаңы жуктурду

Вирус бардык облустардан катталып жатат. Адаттагыдай ордо калаада көбүрөөк. Азыркы учурда 705 адам ооруканада.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 124 кишиден коронавирус табылып, 100 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 
Жаңы жуктургандар:
Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 250 миң дозасы алып келинди. Сүрөт
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Өткөн суткада оору үч адамдын өмүрүн алган. Муну менен жалпысынан 2 664 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта стационарда 705, ал эми амбулатордук шартта 699 адам дарыланып жатат.