"Ливерпулдун" футболчусу "чаян сокку" менен өзгөчө гол киргизди. Видео

Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Дивок Ориги "чаян сокку" ыкмасы менен тээп, мыкты гол киргизди.
Sputnik
Кечээ Англия лигасынын кубогу мелдешинде "Ливерпуль" менен "Престон" клубдары беттешкен. Юрген Клопптун мерсисайддык шакирттери атаандашын 2:0 эсебинде утуп, 1/8 финалга өтүштү.
Ливерпулдуктардан голдорду япониялык Такуми Минамино жана бельгиялык Ориги киргизди.
Ориги мерсисайддык клубда негизги курамдын оюнчусу эмес. Башкы насаатчы Клопп Англиядагы эң мыкты командалардын бири болгон "Ливерпулда" футболчулар үчүн атаандаштык күч экенин айтат.