БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп куруп берет. Аталган долбоорду парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети карап, жактырды.
Комитетке "КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө" макулдашуунун долбоору киргизилген.
Ага ылайык, коңшу өлкөнүн өкмөтү Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдык менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 гектар, Самаркандек айылынан 1,75 гектар жек тилкеси бөлүнөрү белгиленди.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова аталган аймактардагы мектептер авариялык абалда болгондуктан тандалып алынганын билдирди.