Дарыгер: үйгө берилген жылуулук абаны кургатып, ооруга чалдыктырат

Адис мурун көңдөйдөгү жана тамактагы былжыр челдер кургап кетсе иммунитет жакшы иштей албай, бактерия менен вирустар көбөйөрүн эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Сууктун түшүшү менен батирлерге берилген жылуулук абаны кургатып, ден соолукка зыянын тийгизет. Бул тууралуу "Известия" невролог Сергей Длинге таянып жазды.
Ал белгилегендей, кургак аба иммунитетти да түшүрөт. Ошондой эле какырык чыгып жөтөлгөн балдар жакшы айыкпай оору менен узак убакыт күрөшөт.
"Мурун көңдөйдөгү жана тамактагы былжыр челдер кургап кетсе иммунитет да жакшы иштей албай, бактерия менен вирустар көбөйөт. Адатта былжыр челдер нымдашып турушу керек", — деген дарыгер.
Мындан тышкары, кургак климаттан аллергия менен ооругандар азап тартат. Себеби чаң менен аллергендер жерге түшпөй абада калкып, кишини чүчкүртүп-бышкыртат.
Ооруларды алдын алуу үчүн дарыгер аба нымдагычтарын алууну, үй жыйнаганда полдорду, эмеректерди, башка буюмдарды таза суу менен сүртүп, гүлдөрдү сугарууга, ошондой эле мурун менен тамакты чайкап турууга кеңеш берди.