Жакында 453 айыл өкмөттүн башчысы жаңы унаалуу болушу мүмкүн. Жапаровдун планы

Өкмөт башчы соңку ирет айыл өкмөттөргө 2006-жылы кызматтык унаалар берилгенин айтып, анда 5 жыл сайын жаңылап туруу пландалганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов айыл өкмөт башчыларга жаңы автоунаа алып берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү президент жакында акимдерди жаңы автоунаа менен камсыздай турганын айтканын мисал келтирди.
"Ошол эле учурда 453 айыл өкмөттүн дагы маселесин чечиш керек, алар 15 жылдан бери жаңы машинанын жүзүн көрө элек", — деди Нышанов.
Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жооп берип, жеке эле айыл өкмөт, аким эмес, жалпы кыргызстандыктардын унааларын электромобилдерге өтүүгө үндөй турганын жана лизингге алып берүүгө даяр экенин билдирди.
Бишкек мэриясы соцтармактардагы сындардан соң жолтандабас алуудан баш тартты
"Сиз абдан туура айттыңыз, жүдөп-какап, автоунаалары ремонттон ремонтко барып бузулуп жүрбөш керек. Кереги бар жерлерде машиналардын баары жаңырышы керек. 2006-жылы биз баарына жаңы автоунаа алып бергенбиз. Ошондо сиз экөөбүз беш жыл сайын жаңылап туралы деп сүйлөшкөнбүз. Тилекке каршы, кырдаал өзгөрүп кеткен эле. Азыр, буюрса, акча бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди автоунаа менен камсыздоо боюнча атайын план иштеп чыкканын белгиледи.