БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Республикада келерки жылдын түшүмү үчүн 200 миң гектардай аянтка дан эгиндерин себүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анын 180 миң гектар аянтына буудай жана 12 миң гектар жерине арпа айдалат. Министрлик ошондой эле келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектелерин кошумчалады.
"Дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты өсүмдүктүн вегетация мезгилинде минералдык жер семирткичтер менен камсыздалышына жараша болот. 1-сентябрдан 22-октябрга чейинки аралыкта республикага жалпысынан 5,9 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери алып келинип, учурда дыйкандар сатып алууда. Бул жалпы керектөөнүн 28,2 пайызын түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөрүн белгиледи.