Арбитраждык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча план бекитилди

Планды ишке ашыруу мамлекетти юрисдикциялык жактан коргоону жакшыртып, арбитраждык доолордун потенциалын төмөндөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Юстиция министрлиги Эл аралык арбитраждык соттордо мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо боюнча иш-аракеттер планын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанга каршы демилгеленген эл аралык арбитраждык доолордун, анын ичинде "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалдын алкагында Эл аралык арбитраждык жана башка соттук процесстерде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, ошондой эле жаңы арбитраждык доолордун мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүү боюнча мөөнөттүү иш-чаралардын планы бекитилген.
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
"Планды ишке ашыруу мамлекетибизди юрисдикциялык жактан коргоону жакшыртып, Кыргызстанга каршы арбитраждык доолордун потенциалын төмөндөтөт. Учурда Кыргызстанга каршы демилгеленген бардык арбитраждык процесстердин мазмунуна талдоо башталды. Юридикалык өкүлчүлүктүн натыйжалуулук маселелерин жана сапаттын/чыгашанын мониторинг жүргүзүүнүн механизми изилденүүдө. Ошондой эле жаңы арбитраждык доолор үчүн тобокелдиктерди жараткан же Кыргызстандын соттук позициясынын натыйжалуулугун төмөндөткөн системалык себептер аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
Ошондой эле ата мекендик эксперттер тобун түзүү жана эл аралык укук, арбитраждык сот өндүрүшү маселелеринде юрист-практиктердин ата мекендик мектебин өнүктүрүүгө басым жасап, эл аралык консультанттар менен иштешүүнүн жаңы форматын киргизүү пландалып жатканы айтылды.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдар үчүн маалыматтык жана тренингдик кампаниялар жүргүзүлмөкчү.