БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына чимириле испан бийин бийлеп жаткан видеосун жарыялады.
"Тасма тартуу аянтчасындагы импровизация", — деп жазды өзү видеонун сүрөттөмөсүнө.
Ошондой эле ал АКШнын Остин шаарында экенин белгилеген. Бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.
Спортчу буга чейин дагы бийдин бир нече түрүн аткарып, видеолорду жарыялап жүргөн. Мушкер маектеринде бала чагынан эле апасы назиктигин жоготпосун деп спорт менен биргеликте бийге алып барганын айтып келет.