Дүйнөдө рактан каза болгон адамдардын 25%ы тамекинин азабын тартат

Тамеки чеккен адамдардын өмүрүндө өпкө рагына чалдыгуу ыктымалдыгы чекпегендерге салыштырмалуу 22 эсеге жогору болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тамеки чегүүнүн ден соолукка зыяндуулугу тууралуу айтып, кайсы ооруларды чакырарын тизмектеди.
Адегенде эле чылымдын терең дем алууга тоскоолдук кылары белгиленет.