Көп балалуу аялды опузалоо: Октябрь райондук милициясынын башчысы камалды

Райондук милициянын жетекчиси бир катар кылмыштарга шектелүүдө. Аны менен кошо дагы эки кызматкер кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Уланбек Аалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Баш коргоо чарасы 22-октябрда тандалган. Ага ылайык, райондук милициянын башчысы 21-декабрь саат 23:14кө чейин камакта болот.
Зордуктады деп каматам! 100 миң сом талап кылды делип милиционер кармалды
Башкы прокуратура 21-октябрда Аалиев менен кошо райондук тергөө кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалганын билдирген. Алар А.Т. аттуу аялды камакка алуу шылтоосу менен моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүшкөн. Көп балалуу, жалгыз бой эне болгондугуна карабай себеби жок Ички иштер башкармалыгына чакыртып, опузалап ири өлчөмдө пара талап кылышкан деп айыпталган.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 143-беренеси ("Кыйноолор"), 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Буга чейин Октябрь райондук милициясы А.Т. аттуу аял жарандарды 904 миң 750 долларга алдап кетүүгө шектелип жатканын билдирген.