БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. COVID-19 илдетинин оор түрү менен ооруган бейтаптардын мээ клеткалары жабыркап, өлүмгө кептеши мүмкүн. Бул тууралуу европалык окумуштуулар тобуна таянып "Хайтек" жазды.
Окумуштуулар мындай жабыркоонун аныкталган учуру сейрек кездешкендигин жана вирустун мээге тийгизген таасиринен улам адам өлүмү катталган факт тастыктала электигин белгилешти.
"Биз COVID-19дун жеңил формасына кабылган хомяктарды калыбына келтирүүгө болорун көрдүк. Демек, адамдарды да калыбына келтирүүгө болот деп ойлоп жатабыз", — деген окумуштуулар.
Коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен ооруган бейтаптарда мээге таасир этүүчү эч кандай кесепеттер табылган эмес.