Бишкек менен Чүйдө кафенин тамагына уулангандардын саны 118ге жетти

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн таңкы саат 07:30дагы маалыматында уулангандардын саны 85 адамга жеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте жана Чүйдө тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 118ге жетти. Бул маалымат бүгүн, 25-октябрь, саат 14:30га карата алынганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн таңкы саат 07:30дагы маалыматта 85 адамга жеткени айтылган.
"Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды
Эске салсак, кечээ "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала болчу. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.
Азык-түлүктөн эл массалык түрдө ууланган соңку окуяга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн республикада 2018-жылдын 17-декабрындагы "Ишкердик субъектилерди текшерүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.