БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар Шаардык кургак учукту алдын алуу жана реабилитациялоо балдар борборунун базасында даярдалат. Бул жакка абалы орточо оордуктагы балдар жаткырыларын брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
"Жыл сайын өлкөдө күз-кыш мезгилинде сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын көбөйүшү байкалат. Бул илдеттерди чоң кишилер жеңил көтөрөт, бирок санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса балдарга да жугузушат. Оору көбөйүп жаткандыктан балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орун даярдоо чечими кабыл алынды", — деди Акматова.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдар үчүн Республикалык диагностикалык борбордун базасында орундар даярдалганын айткан. Ал жакка орточо оор абалдагы бөбөктөр жаткырылат.
Кошумча орундар Шаардык клиникалык балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү максатында түзүлүүдө.
Вирустук жугуштуу оорулар күчөп жаткандыгына байланыштуу ордо калаадагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордун баары дем алыш күндөрү да иштеп жатат.