Түркмөн башы коногу Токаевге "канаттуу" аргымак тартуулады. Видео

Учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстанда иш сапарда. Дүйшөмбү күнү тараптар саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Түркмөнстанда ахалтекин күлүгү менен түркмөн тайганын белек кылышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Белгилей кетсек, казак лидери Түркмөнстанга эки күндүк иш сапар менен барган.
"Иш сапардын алкагында Токаев Ашхабад шаарынын жанындагы жылкы фермага барып, ал жактан кадырлуу конокко чабандестер шоу-программа тартуулады. Андан соң ага Гурбангулы Бердымухамедов Ганатлы (Канаттуу) аттуу ахалтекин күлүгүн белек кылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле өлкөнүн вице-премьери, президенттин уулу Сердар Бердымухамедов Токаевге түркмөн тайганынын Бриллиант аттуу күчүгүн тартуу кылды.
Токаев казак элине жана жеке өзүнө кырсөтүлгөн сый-урмат, баалуу белектер үчүн ыраазычылык билдирген.
Дүйшөмбү күнү тараптар саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылды.